7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЕЭКтин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

366

26-декабрда Ленинград облусунда (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кеңейтилген курамдагы отурумда мамлекеттердин лидерлери ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекеттердин башчыларына жана чакырылган Иран делегациясынын башчысына сөз берүү чечимин кабыл алышты, анткени негизги талкуулар чакан курамдагы отурумдун жүрүшүндө өттү.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев сөз сүйлөдү, Кубанын Президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудестин видео кайрылуусу болду, чакырылган мамлекеттин делегация башчысы — Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Мохаммад Атабакка сөз берилди. 

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин сөзүнөн кийин бир катар маанилүү чечимдер жана документтер кабыл алынды. 

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары бир келишимге жана бир протоколго кол коюшту — ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө Макулдашуу жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.  

Мындан тышкары ЖЕЭК 18 актыны кабыл алды. 

2025-жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү.

 

 

 

 

367