7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбеков коомчулуктун койгон талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган

314

«Президент Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун койгон талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган», — дейт өлко башчы Садыр Жапаров чет элдик алгачкы сапарында берген маегинде.

Ал мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктарын айтып, төмөндөгүлөрдү кошумчалаган.

«Геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы туруксуздукту жаратып, чагымчылдык кылууда маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп кетейин.

Бирок тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрайт. Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган.

Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, анда бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу, коомдук-саясий системанын өзгөрүшү зарыл экендигинин жана социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж экендигинин белгиси», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

315