7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке менчик клиникалар жана стоматологиялык кабинеттер текшерилет

524

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен жеринде кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында жугуштуу оорулардын, атап айтканда, сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар, вирустук гепатит, кызамык ооруларынын өсүшү тууралуу сөз болду.

Жыйындын жыйынтыгында 2024-жылдын 15-январынан баштап Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок жеке медициналык клиникаларды, борборлорду жана стоматологиялык кабинеттерди аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү кайра баштоо сунушталды. Ал эми жеке менчик бала бакчалар жана мектептердин санитардык-эпидемиологиялык ченемдери жана эмдөө карталарынын болушу текшерилет.

Ошондой эле коомдук тамактануу жайларында санитардык китептердин бар-жогу жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча текшерүүлөр пландалууда.

525