7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке менчик медициналык окуу жайлар жабылса, ал жакта окуган студенттер эмне болот? Министрдин жообу

1190

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-каналга жабылган жеке менчик медициналык окуу жайлардын студенттери каалаган медициналык окуу жайга тоскоолдуксуз кирерин билдирди.

«17 жеке менчик медициналык окуу жайларды текшердик. Алардын ичинен тогузунун клиникалык базасы талапка жооп бербейт экен. Биз алардын лицензиясын чакыртып алып жатабыз. Алар жабылат. Алардын студенттери каалаган медициналык окуу жайга тоскоолдуксуз кирет. Азыр көп студенттер мамлекеттик окуу жайды тандап жатышат. Анткени алардын дипломун бардык өлкө тааныйт. Бир гана билим берүү министрлигинин чечими калды. Биз бардык медициналык окуу жайларды текшердик»,- деди ал.

Талапка жооп бербеген окуу жайлар:

Ош эл аралык медицина университети.

«Адам» университети (Бишкек каржы-экономикалык академиясы);

«Роэль Метрополитен университети»;

«Эл аралык Бишкек медициналык институту»;

Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту;

Эл аралык медицина жана илим университети;

Эл аралык «Авиценна» медициналык институту;

«АВС» Академия ЖЧКсы;

Эл аралык медицина жана илим университети;

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1191