7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер казынасын пайдалануудагы жаңжалдарды алдын алуу үчүн жумушчу топ түзүлдү

379

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу маселеси боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январдагы № 5 «Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу иретинде кабыл алынган, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу жана пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууга контролду күчөтүү максатында түзүлгөн.

Кабыл алынган чечимге ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топ жер казынасын пайдалануу объекттеринде көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуусу зарыл, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте зарылдыгына жараша иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана коомдук активисттерди ишке тартууга укук берилген.

Ведомстволор аралык топтун курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисиснин орун басары ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

380