7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жер тилкесин ээлеп алган». Сокулукта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

779

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 9-декабрында Сокулук РИИБине 1959-жылы туулган К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, бейтааныш жарандар анын ишенимине кирип алдоо жолу менен Новопавловка айылына караштуу Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкесин ээлеп алганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 1959-жылы туулган М.К. жана А.Д. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, дагы ушул сыяктуу 5 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

780