7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жерге мунапыс маселесине байланыштуу Министрлер кабинети түшүндүрмө берди

724

Жер мунапысын жүргүзүү маселеси Министрлер кабинетинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын июнь айында Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү боюнча токтом кабыл алган.

Учурда республиканын аймактарында тиешелүү комиссиялар түзүлүп, иштеп жатат.

Министрлер Кабинети белгилегендей, президенттин өлкө аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коллегиялык жыйындарынын жүрүшүндө жерге мунапыс берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Жергиликтүү бийлик органдарына бул багыттагы иштерди сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Акча каражаттарын опузалап талап кылуу фактылары орун алган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Акча каражаттарын талап кылуу фактылары боюнча төмөнкү телефон номерлерине билдирүүгө болот: (0312) 625342, 960185, 960186.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725