7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биринчи жолу теледебат өткөрүлөт

228

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биринчи жолу теледебат өткөрүлөт. АШК эфирдик убакытты бөлүштүрүү үчүн өзүнчө чүчүкулак өткөрөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.


Бул үгүт өнөктүгү талапкерлер жөнүндө максималдуу маалыматты камсыздай турганы көрсөтүлгөн. Дебат жараянындагы кемчиликтерге карабастан, жарандар аларды активдүү байкап турушат. Ал эми дебат жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биринчи жолу өткөнү жатат.

«Андыктан, биз даярдануубуз керек, балким дебат партиялардын лидерлеринин ортосунда болушу мүмкүн. Азыр дебаттардын форматын талкуулоо жүрүп жатат, болбосо ал тематикалык мүнөздө болот, же талапкерлердин категориялары боюнча бөлүнөт, же аралаш форматта өтөт», — деди БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова.


Акысыз эфирдик убакытты атаандаштар жөнүндө терс же такталбаган маалыматтарды жайылтуу үчүн колдонууга болбойт. Ошондой эле оппоненттер бири-бирин басынтып, коомчулук алдында бири-биринин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды айтууга тыюу салынат.


Жергиликтүү кеңештерге өткөрүлүп жаткан бул шайлоонун жаңылыгы катары, көчөлөрдө жана стадиондордо маданий, спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Алар шайлоочунун эркин калыптандыруу процессине финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн таасирин азайтуу максатында киргизилген.


АШКлардын убактысы жана тартиби боюнча чүчү кулак тартуу мандаттарга талапкерлер катталгандан кийин жүргүзүлүшү керек. Дебатка өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер дагы катыша алышат.


АШК партияларды каттоо 11-мартта, айылдык кеңештерге шайлоого катышкан бир мандаттуу талапкерлер 22-мартта катталаарын эскертет.


Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

229