7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү маалымат агенттиктин директору 84 миң сом пара алып жатканда кармалды

518

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан бүгүн, 23-февралда кабарлашты.

«Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында 22-февралда 84 миң сом каражат алып жаткан жеринен маалымат агенттиктеринин биринин директору М.У.К. кармалды.

Кармалган кызматкер видеону өчүрүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды. Видеодо арыз ээси мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылып жаткан учур тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

519