7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору өкмөткө маалымат берди

724

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору Бектурган Орозбеков бирликтин негизги багыттары боюнча маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик башкаруу тармагындагы жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформалардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен төмөнкүлөр зарыл деп эсептейбиз:

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүүсүн камсыздоо, алардын жергиликтүү коомчулук алдындагы отчеттуулугун жана адамдардын чечим кабыл алуу процессиндеги катышуусун күчөтүү;
— жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу, мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесиндеги жергиликтүү киреше үлүшүн жогорулатуу;
— ЖӨБ органдарын аймактарды өнүктүрүү менен алектенүүсү жана калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүүсү үчүн өнүктүрүү бюджети менен камсыздоо;
— жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалышын теңдештирүү тутумун реформалоо жана анын ачыктыгын жана акыйкатуулугун камсыздоо;
— муниципалитеттер ортосундагы горизонталдык кызматташтыкты күчтөндүрүү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигин процесске тартуу менен муниципалдык кызматкерлерди, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын жана жергиликтүү кеңеш депутаттарын окутуу тутумун өркүндөтүү;
— мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө;
— республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүүнүн акыйкат тутумун жана аларга жүктөлгөн функция жана ыйгарым укуктарынан көз-каранды түрдө алардын чыгаша милдеттенмелерин орнотуу», — деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорунда жазылган өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселесин иликтөө боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725