7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр жети баланы жалгыз тарбиялаган атадан кабар алды

151

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Чүй облусунда балдарын жалгыз тарбиялап жаткан аталардан кабар алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири — жети баланы тарбиялап келе жаткан Чыңгыз Кытаев. Ал кыйынчылыктарга карабастан, балдарын мээрим жана камкордук менен курчап, аларга татыктуу тарбия жана билим берүүгө аракет кылууда.

Экинчи үй-бүлөдө Хасанбай Калмурзаев төрт баланы тарбиялап келет, алардын бири майыптыгы бар бала. Ал күн сайын көптөгөн сыноолорду жеңип, чоң жоопкерчилик жана бекем эрк менен балдарына кам көрүп, алар үчүн жылуу, сүйүүгө жана колдоого толгон үй-бүлөлүк чөйрөнү түзүп келет.

Жолугушуу учурунда Канат Сагынбаев аталардын кайраттуулугун жана жоопкерчилигин белгилеп, үй-бүлөлөргө мектеп парталарын, кир жуугуч машиналарды жана азык-түлүк баштыктарын тапшырды.

«Ата – бул таяныч жана жоопкерчиликтин үлгүсү. Балдарды жалгыз тарбиялоо чоң сабырдуулукту талап кылат. Мамлекет мындан ары да үй-бүлөнү бекемдөө саясатын активдүү жүргүзөт, анткени бакубат үй-бүлө – күчтүү коомдун негизи», – деди министр.

152