7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК депутаттыгына талапкерлердин бюллетень номурлары аныкталды

217

Күн мурун жалпы өлкө аймагында 30 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, чүчүкулакка талапкерлер, катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, коомдук жана эл аралык байкоочулар катышты.

Ошондой эле ал мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда басма аянтын бөлүштүрүү боюнча өткөрүлдү. Андан сырткары талапкерлер шайлоого катышуу үчүн меморандумга кол коюшту.

Катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетендерине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенге чейин жүргүзүлөт.

Чүчүкулактын жыйынтыгында аныкталган шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүктү жана меморандум текстин шилтемеден көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.

218