7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК депутаттыгына жалпы 589 талапкер ат салышат, анын 224ү аялдар

237

Кечээ, 2025-жылдын 30-октябры саат 18:00 дө 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан болуп 589 талапкер көрсөтүлдү. Анын 365и эркектер, 224ү аялдар.

Бүгүнкү күнгө карата 168 талапкер катталды, 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартты, 7 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

238