7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азенбек Козукеев ЖКККББнын башчысы болуп дайындалды

234

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп Азенбек Козукеев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтогон. Ал кызматтык ишинде жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, тартиптүүлүгүн жана натыйжалуу иш жүргүзүү жөндөмүн көрсөтүп, аймакта коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.

Белгилей кетсек, буга чейин Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда коллегиялык отурум болуп өткөн. Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы абал талкууланып, отурумдун жыйынтыгы менен жетекчилик курамында кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынган.

 

235