7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖККУ жыйыны: Президенттер «Ала-Арчада” этномаданий программа менен таанышты

205

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында, бүгүн, 26-ноябрда, уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары үчүн Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланды.

Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга катышуучу-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин сый-урматынын жана меймандостугунун символу катары колго жасалган панно жана улуттук музыкалык аспаптарды тартуу кылды.

206