7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоголгон 6 жаранды издөө үчүн Ак-Сайга тик учак жөнөтүлдү (ВИДЕО)

469

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке буйругу менен тик учак бүгүн, 18-октябрда, саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты.

Эскерте кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жаткан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле, куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышып турушат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

470