7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны жыйынтыкталды

429

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына арналган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты.

Кремлдин Чоң сарайында ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталаар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Тар курамдагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Россиянын Президенти Владимир Путинди мүчө мамлекеттердин делегация башчылары жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары менен сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан соң ЖЕЭК жыйыны Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда кеңейтилген форматта улантылды.

Ошондой эле ЕАЭБ байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катары Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдер да сөз сүйлөштү.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары Биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашты.

ЖЕЭКтин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдерге жана документтерге кол коюлду.

 

430