7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш унаалардын терезесин караңгылатууга уруксат берүү долбоорун колдоду

709

Жогорку Кеңеш 17-марттагы жыйынында Кыргызстанда автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Добуш берүү учурунда 50 депутат макул, 29у каршы позициясын билдирди.Документ эми президентке жөнөтүлөт. Мыйзам мамлекет башчысы кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети иштеп чыккан. Ал кабыл алынса, бир унаанын терезесин караңгылатуунун жылдык акысы 30 — 50 миң сомдун тегерегинде болот. Так баасын өкмөт мыйзам кабыл алынгандан кийин чечет.

Долбоор боюнча унаалардын маңдайкы терезеси караңгылатылбайт, алдыңкы эки капталындагы терезелерине гана уруксат берилет. Ошондой эле такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт.

Кыргызстанда ушул тапта автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Ички иштер министрлиги азыр терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынарын, акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалганын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710