Жыйында депутат Айгүл Айдарова сүйлөйүн деп жатканда маданият министри Алтынбек Максутов ордунан туруп кеткен.
Вице-спикер Алтынбек Максутов бир саамга суранып чыкканын айтып, министрдин орун басарына суроо берип турууну сунуштады. Айдарова ага көнгөн жок.
“Муну кандай түшүнсө болот? Бул тоготпостугубу?! Өзү айда-жылда бир келет, анда да басып кетет. “Же баары бир кабыл аласыңар да” деген ойдо кетип калдыбы”, — деди ал.
Вице-спикер аткаминер ажатканага чыкканын айтууга мажбур болду. «Ачыгын айтайын, дааратканага суранып чыкты» деди ал. Айдарова Максутов ажатканадан келгенче күтүп, суроосун бербей отурду.