Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Биринчи окууда:
— “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.);
— “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жарандык процесстик кодексине, Жазык кодексине, “Күрөө жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.).
Экинчи окууда:
— “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.06.20дагы № 344 токтом);
— “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.09.19дагы № 492 токтом);
— “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.18деги № 543 токтом).
Үчүнчү окууда:
— “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.09.20дагы № 474 токтом);
— “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Сыдыков Б.У., Айдаров С.А., Турсунбаев А.А., Бекешев Д.Д., Тиллаев Т.Г., Абжалиев А.Т., Жээнбеков А.Ш.);
— “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жоруктар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Пирматов И.А.).