7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болду. Анда кандай маселелер көтөрүлдү?

681

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Алсак депутат Өмүрбек Бакиров жазгы айдап-себүү иштери башталганын белгилеп:

«Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат дыйкандарга жетпей жатат. Ошондой эле маалыматтык жактан колдоо көрсөтүлбөгөндүктөн дыйкандар эмне эгээрин билбей турат. Айрым айылдар эч кароосуз калды» — деди.

Ал эми Дастан Бекешев Салык кодекси шашылыш кабыл алынып калганын жүйө келтирип:

«Эгер сиз магазинге кирип, даяр тамак сатып алып, карточка менен төлөсөңүз 2%, накталай төлөсөңүз 4% салык төлөйсүз. Бирок ошол эле тамакты ашканадан же кафеден сатып алсаңыз 8% салык чегересиз. Бул жерде акыйкатсыз, коррупцияга жол ачкан эреже иштеп жатат. Андыктан бул маселени кайрадан карап чыгуу шарт», — деп кошумчалады.

Ошондой эле депутат Дастанбек Жумабеков айыл-чарба тармагындагы көйгөйлөргө токтолуп:

«Талас облусунун эли төө бурчак эгип, чет өлкөгө экспорттоо менен 100 миллионго жакын киреше табат. Бирок жакында эле азыктагы ГМОну аныктоо талабы коюлуптур. Тилекке каршы, Таласта аны аныктай турган мекеме жок. Тез арада аталган маселени Өкмөт чечиши керек» — деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682