Жогорку Кеңеште парламенттин ишин чагылдыруу жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү үчүн жасалма интеллект системасы ишке киргизилди.
Парламенттен билдиришкендей, «Мырза» жана «Айым» аттуу теле алып баруучулар каралып жаткан маселелер боюнча видеоматериалдарды жана маалыматтык тексттерди даярдап, депутаттардын иши тууралуу коомчулукка маалымат берип турушат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана заманбап технологияларды кеңири колдонуу боюнча тапшырма койгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



