7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин мурунку депутатынын уулу кармалды

563

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда  М.А.М. (Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу) кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айып тагылып,  №1 тергөө абагына киргизилген.

«Ал К.Асанбектин жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, алардын кылмыштуу жол менен алынган мүлкүнө мыйзамдуу көрүнүштү берүү, ошондой эле мыйзамдуу ээсин жашыруу максатында 2020-жылы чыгарылган “Лексус LX570” үлгүсүндөгү брондолгон автоунаасын өзүнө каттоого алып, К.Асанбекке жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө пайдалануу үчүн бергени аныкталды. Мындан тышкары, М.А.М. К.Асанбек менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болгон, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жаштар жана спортчулар үчүн өткөрүлүүчү жеке спорттук иш-чараларды каржылап турган» — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага тиешелүү ири өлчөмдөгү мүлктөр, анын ичинде Дубай шаарындагы (БАЭ) “Бизнес Бэй” элиталык райондо жайгашкан баасы 4,5 миллион АКШ доллардан ашык болгон 24 батир аныкталды.

Учурда УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

564