7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин төрагасы делегаттарды маанилүү демилгелерди көтөрүүгө чакырды

151

Бүгүн Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайга катышууда. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Курултайда төрага Жогорку Кеңештин жаңы шайланган VIII чакырылышы тууралуу учкай кеп кылып, элдин элегинен өтүп келген эл өкүлдөрү мамлекеттин өнүгүшүн мыйзамдык жактан колдоону башкы максат катары койгонун баса белгиледи.

Ошондой эле ал VIII чакырылыш ишин олуттуу мыйзамдарды кароо менен баштаганын, кечээ эле 2026-жылга тиешелүү республикалык бюджеттин долбоору бекитилгенин эске салды.

«Аталган долбоор мамлекетибиздин кийинки жылга карата каржылык туруктуулугун тастыктаган башкы документ болуп эсептелет. Депутаттар мыйзамды кабыл алуу менен катар анын аткарылышын дагы тыкыр көзөмөлдөйбүз. Бул үчүн бизде ыйгарым укуктарыбыз толук жетиштүү», – деп кошумчалады.

Муну менен катар, Нурланбек Тургунбек уулу курултайда орчундуу маселелер талкууланышы керектигин белгилеп, делегаттарды мамлекеттин багытын, келечегин аныктай турган маанилүү демилгелерди көтөрүүгө чакырды.

152