7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында Мейкинбек Абдалиев ант берди

731

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында Мейкинбек Абдалиев ант берип, депутаттык кызматка киришти. Ага Борбордук шайлоо комиссиясы 1-апрелде мандат тапшырган.

Маалым болгондой, Абдалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна келди.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп 30-мартта дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча Абдулатип Режавалиев турган, бирок ал жазган арызына байланыштуу талапкерлердин тизмесинен чыккан. Мындан улам ордуна Мейкинбек Абдалиев депутат болуп келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732