7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку сот Элдар Абакировдун арызын четке кагып, мурдагы чечим күчүндө калды

22

Жогорку сот 17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элдар Абакировдун арызын карап, аны канаттандырган жок. Соттук коллегия Абакиров боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Элдар Абакиров шайлоодогу мыйзамсыздыктар боюнча эми прокуратурага кайрыларын «Азаттыкка» билдирди:

12-декабрда Бишкектин административдик соту талапкердин арызын канааттандыруудан баш тарткан. Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматова сотто бир топ жагдайларга көңүл бурулбаганын белгилеген.

№26 округдан парламент депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров 30-ноябрдагы шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айткан. Мындай мыйзам бузуунун чоо-жайын териштирүүнү талап кылган. Күнөөлүүлөр аныкталбаса, округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

ИИМ акча тараткан адам аталган округдан талапкерлигин койгон Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастап, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Бирок 8-декабрда БШК акча таратууга анын тиешеси жоктугун айтып, Саккараевди шайлоодон четтеткен эмес.

Медербек Саккараев 17-декабрда Жогорку Кенеште ант берип, депутаттык мандат алды.

 

23