7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку сот Зилалиевдин кылмыш ишин кайра кароого жөнөттү

577

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кылмыш иши райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун 23-июндагы чечими менен Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 15-мартындагы Зилалиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары боюнча (“Мыйзамсыз баюу”) өкүмдөрү жокко чыгарылды. Анын кылмыш иши процессуалдык бузуулардан улам ошол курамда Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Эскерте кестек, Зилалиевге карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578