7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков эл каттоого катышты

683

Бүгүн, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков калкты жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты.

Маалыматка ылайык, Замирбек Базарбеков  суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Жогорку соттун төрагасы  жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.

Жалпы республикалык каттого ошондой эле Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Айбек Давлетов жана  Нургуль Бакировалар катышышты.

Эске салсак,  Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт.

Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684