7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол эрежесин бузгандарды автоматтык түрдө каттоого алган система ишке кирди

412

Бишкек шаарында пилоттук режимде жол эрежесин бузууларды каттоого алуучу автоматтык система ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Бишкек шаарынын жолдорундагы автотранспорттун агымын тартипке келтирүү жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен транспорт каражаттарын токтотууга байланыштуу жол тыгындарын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы («Санариптик технологиялар борбору» МИ) менен биргеликте Ички иштер министрлиги «Ураган» аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен системаны иштеп чыкты.

Бишкек ШИИББинин «Ураган» комплекси менен бирге борбор калаанын жолдорун бойлой айдап бара жаткан кызматкерлери жол эрежесин бузгандарды автоматтык түрдө каттайт.
Бул чаралар унаалардын жол кыймылына тоскоол болгон уруксат берилбеген жерлерге токтоп калышына жол бербейт.

413