7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол сакчылары Бишкек-Ысык-Көл жолунда күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады

792

Бишкектен Ысык-Көлгө бараткан жолдо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мындай аракеттер туристтердин коопсуздугун толук кандуу камсыздоо үчүн жасалууда.

«Дем алыш күндөрү шаардан Ысык-Көлгө бара жаткан унаалардын агымы көп болот. Атайын ротанын кызматкерлери ичимдик ичип алып унаа башкарган, ылдамдыкты ашырып айдаган жана одоно эреже бузган айдоочуларга тийиштүү чараларды көрөт. Муну менен коопсуздук багытындагы иштерди күчөтүү тапшырмалары коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле чет өлкөдөн келген туристтерге ЖКККББ тарабынан даярдалган эскертме буклеттери таратылып жатканы белгиленди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793