7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

160

Өлкөбүздө өтүп жаткан мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Кызматкерлер коомдук коопсуздукту камсыздоо, жол кыймылын жөнгө салуу жана жолдордо тартипти сактоо багытында жогорку деңгээлдеги иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Айрыкча чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу, аларды коштоп жүрүү жана жалпы жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары чоң жолдордо туура эмес токтотулган унааларды чыгаруу, мопед, самокат сыяктуу жеке мобилдүү каражаттарды жол кыймылына тоскоол болбой тургандай иретке келтирүү, жөө жүргүнчүлөргө коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү жана чоң жолдорго чыкпоого чакыруу иштерин да ЖКККББнын кызматкерлери активдүү жүргүзүп жатышат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

161