7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумашбай Касымбеков катуу оорудан улам көз жумду

1214

Композиторлор союзунун мүчөсү Жумашбай Касымбеков көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Касымбеков Жумашбай Орозалиевич 18-мартта 70 жаш курагында катуу оруудан улам каза болду.

Жумашбай Касымбеков 1951-жылы 12-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылында туулган. Ал 1968-жылы Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык окуу жайга “Хордун дирижёру” адистиги боюнча тапшырып, экинчи курсунда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Ошондон баштап аскер оркестрин уюштуруп, марштарды ойнотуп, оркестрге чыгармаларды жазганды да мыкты үйрөнөт. Студент кезинде саксофон, бас гитара, труба, аккордеон, комуз, урма аспаптарын кошуп, ырларды коштоонун жаңыча үлгүсүн жараткан.

Кыргыз элинин сыймыктуу инсаны, калк кадырлаган, журт сыйлаган Жумашбай Касымбековдун элесин түбөлүккө эстен чыгарбайбыз. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына, жакындарына Кыргыз Республикасынын маданият тармагынын кызматкерлеринин атынан көңүл айтып, кайгысына ортоктош болуп, азасын тең бөлүшөбүз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1215