7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумушчулар жетишсиз… Эдил Байсалов Жумгал-Ак-Талаа унаа жолуна барды

787

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна жумушчу жүрүшүндө Жумгал районундагы Жумгал — Ак-Талаа унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолду карап чыгууда жаан-чачындан улам жолду реконструкциялоо иштери токтоп калган, ошондой эле кесипкөй адистердин жана жумушчулардын жетишсиздиги орун алган.

Эдил Байсалов бул маселени чечүүнү, бул максатта Нарын облусунун башка райондорунан да жумушчу күчтү тартууну тапшырды.

«Жакынкы аралыкта жолду реконструкциялоо иштери улантылышы керек. Министрлер кабинети тийиштүү маселелерди чечүүгө максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт»,- деп белгиледи Эдил Байсалов.

Белгилесек, жумушчу сапардын жүрүшүндө Эдил Байсалов ошондой эле Социалдык фонддун райондук башкармалыктарынын иши, бир катар социалдык объектилердин, анын ичинде Жумгал районундагы авариялык абалда турган драма театрынын абалы менен таанышат.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары дыйкан жана фермердик чарба өкүлдөрү, жеке ишкерлер менен пенсиялык каражаттарды эсептөө маселелери боюнча жолугушууларды өткөрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788