7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналист Арзыгүл Галымбетова көз жумду

4047

AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумду.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактарды чагылдырып келген. 38 жаштагы журналисттин жүрөгү токтоп калганы айтылууда. Жаназасы бүгүн, 26-мартта саат 18:00дө «Базар башы» мечитинде өтөт. 

Арзыгүл Галымбетова 1984-жылы 24-ноябрда Баткен шаарында туулган.

2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде журналистика жана информатика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында алып баруучу болуу менен баштаган.

2007-2008-жылдары «Кыргызстан обондору» радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.

2008-2009-жылдары «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.

2010-жылдан бери АКИpress маалымат агенттигинде кабарчы, Баткен облусундагы өкүлү болчу.

7-каналдын жамааты Арзыгул Галымбетованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4048