7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналисттер RCA Living компаниясынын иши менен таанышты

29

Кыргызстандагы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата RCA Living компаниясы журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Бишкекте курулуп жаткан Royal Central Park долбоорунун жүрүшү менен тааныштыруу максатында атайын медиа-тур өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында журналисттер RCA Living компаниясынын өкүлдөрүнөн долбоор тууралуу кеңири маалымат алышып, курулуш аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн жеринен көрүштү. Учурда Royal Central Park шаарчасында курулуш иштери тынымсыз жана жогорку темп менен жүрүүдө.

Royal Central Park – бул Бишкектеги ири жана инновациялык долбоорлордун бири. Ал турак жай, билим берүү, кеңсе жана эс алуу зоналарын бириктирген заманбап шаардык комплекс болуп саналат. Долбоордун концепциясы жаратылыш менен гармонияда жашаган “жашыл шаарды” түзүүгө багытталган.

Бүгүнкү күндө транспорттук инфраструктуранын 80 пайызы бүткөрүлүп, асфальт төшөө иштери аяктоо алдында турат. Ал эми борбордук парктын даярдык деңгээли 40 пайызды түзөт. Бул аймакта суу пейзаждары, башкы аянт, музыкалык фонтан, сахна жана жөө жүрүүчү аллеялар камтылган. Борбордук парктын салтанаттуу ачылышы 2025-жылдын 26-мартында өтүп, бул долбоордун маанилүү этабы жана архитектуралык доминанты болот.

2026-жылдагы курулуш планына ылайык, беш 35 кабаттуу мунаранын курулушу башталат. Royal Central Park — Бишкекте атайын техникалык шарттар боюнча 35 кабаттуу имараттарды курууга расмий уруксат алган алгачкы долбоор.

Комплекстин жалпы аянты 53,5 гектарды түзөт. Анын 71 пайызы жашыл зоналарга, суу элементтерине жана коомдук инфраструктурага арналган. Бул — жаратылыш менен адамдын гармониясын камсыз кылган “жашыл шаар” концепциясынын реалдуу жүзөгө ашуусу.

Долбоордун алкагында үч заманбап мектеп, көп профилдүү медициналык клиникалар, А класстагы кеңсе мунаралары, эл аралык соода борбору, фитнес-зал, SPA-комплекс жана башка социалдык жана эс алуу объекттери курулат. RCA Living компаниясынын өкүлдөрү белгилешкендей, Royal Central Park — бул жөн гана курулуш долбоору эмес, ал Бишкек үчүн жаңы архитектуралык жана маданий символ болуп калат. Ал өткөн менен келечекти бириктирип, шаар пейзажын заманбап искусство деңгээлине көтөрөт.

30