7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл башынан бери кумшекердин баасы 12 сомго кымбаттаганы байкалды

835

Өлкөдө жыл башынан бери кумшекердин баасы 54 сомдон 63 сомго чейин кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, баанын мындай жогорулашы март айында байкалган. Ошондой эле, Экономика жана коммерция министрлиги менен соода түйүндөрүнүн ортосунда макулдашуу түзүлүп, анын аркасында бааны турукташтырууга мүмкүн болгон.

Макулдашуудан соң кумшекердин баасы 25-августка чейин туруктуулукту кармап, бир аз төмөндөдү. Мамлекеттик жөнгө салуу аяктагандан кийин кумшекердин баасы кайра көтөрүлө баштады.

«Ноябрь айынын аягынан тарта республиканын кант заводдору кумшекердин дүң сатуу баасын 64 сом 85 тыйынга (килограммы) чейин көтөрүштү. Мындан улам соода тармактарында баа 66-68 сомго чейин көтөрүлгөн. Кумшекердин дүң сатуу баасын — жеткирүүнү кошкондо 64 сом 85 тыйындан 63 сомго чейин өзгөртүү боюнча макулдашууга жетишилди. Натыйжада чекене түйүндөрдө кумшекер 65 сомдон сатылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

836