7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылдызкан Жолдошева парламенттик шайлоого барарын билдирди

477

Экс-депутат, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары катышат, азырынча кайсы партия менен барары белгисиз. Бул тууралуу Жолдошева өзү «Марал» радиосуна берген маегинде айткан.

Ал жергиликтүү кеңештин шайлоосунда талапкерлигин койбой турганын айтты.

«Мекенчил» саясий партиясындагылар өздөрүн колдонулуп, ташталып калгандай сезишүүдө. Андай ойдон алыс болгула. Негизги максат Садыр Жапаров эркиндикке чыгышы керек эле, муну аткардык. Экинчиден, жаштарга, саясатчыларга айтарым, сени бирөө колдонуп калбашы үчүн эч качан өз принцибиңден кайтпагын. Ошондо гана сени эч ким колдонбойт жана капа да кылбайт. Мен «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрүнөн, талапкерлерден кечирим сурайм. Бул да өтөт. Силер сынбагыла, жашсыңар, алдыга жылгыла», — дейт Жолдошева.

Анын айтымында, «Мекенчил» партиясынан чыккан 138 талапкер — жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан, билимдүү кыз-жигиттер. Аларды жумуш орду менен камсыз кылып же парламенттик шайлоого аттана турган партиялардын тизмесине кошуу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

478