7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылкы уурдап, акчасын муктаждыгына коротуп салган жаран кармалды

265

Жылкы уурдап сатып, акчасын коротуп салган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Жылкы уурдап сатып, анын акчасын өзүнүн кызыкчылыктарына сарптап салган жаран кармалды. Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБге Боз-Бармак айылынын 26 жаштагы тургуну Ж.Э., арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 24-январына караган түнү сарайындагы короосунан жылкысын уурдап кетишкенин айткан.


Арыз Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин «Уурулук» беренеси боюнча тергөө иштери башталды.


Ыкчам иликтөө иш-чаралардын негизинде, 16-февраль күнү шектүү катары Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну А.С.ны кармашып, буга чейинки кылмыш аракеттерин аныкташты. Милиция кызматкерлеринин версиясы боюнча, кылмышка шектүү буга чейин уурдалган жылкыны мал базарында сатууга жетишип, андан түшкөн каражатты өз муктаждыгына жумшаган. Учурда сотко чейинки процесстер уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

266