Өлкөдө “КУРАН ЖАЗЫ” аталышындагы куранды мыкты окуу боюнча эл аралык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы “7-каналга” билдирди.
Маалыматка ылайык, «Куран жазы» эл аралык сынагы 30-октябрда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Имам Сарахсий Башкы мечитинде өтөт.
Анда КМШ өлкөлөрүнөн келген белгилүү хаафиздер жана илимпоздор «Куранды» эң мыкты билүү жана жатка окуу боюнча күч сынашат.
Белгилей кетсек, сынактын жүрүшү “7-каналдын” бардык тармактарында түз эфирде чагылдырылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram