Режиссер Каныбек Калматовдун “Айтматов” аттуу көркөм тасмасы Түрк дүйнөсүнүн VI “Коркут-Ата” эл аралык кинофестивалынын ачылыш тасмасы катары тандалып алынды.
Саамалык 3-7-ноябрь күндөрү Стамбул шаарында өтөт. Бул иш-чара Түркиянын Маданият министрлигин жана кино башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулууда.
Бул кинофестивалга Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казахстан жана Түркмөнстандан киноматографисттер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.



