7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө 74 шайлоо тилкесин түздү

3

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого карата 33 өлкөдө алгачкы 74 шайлоо тилкесин түздү.

БШКнын маалыматына ылайык, тилкелер төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

Россияда — 20;

  • Түркия менен Казакстанда — 6дан;
  • АКШда — 5;
  • Түштүк Корея менен Италияда — 3төн;
  • Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында — 2ден.

Калган 23 шайлоо тилкеси Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда жайгашат.

Кошумча тилкелерди ачуу иштери уланууда, алардын даректери БШКнын расмий сайтында жарыяланат.

 

4