7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Манас” университети медициналык билим берүүгө басым жасайт!

6

Өлкөдө квалификациялуу дарыгерлерди даярдоого багытталган дагы бир маанилүү кадам жасалды. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдында ачылган Медицина факультетинин алгачкы студенттери салтанаттуу аземде ак халат кийди.

Түркия менен Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын бекемдей турган факультет жаштарга эл аралык стандарттарга жооп берген медициналык билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын квалификациялуу адистер менен камсыздоого салым кошууну көздөгөн “Манас” университети өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилеп, көп жылдан бери даярдалып келген Медицина факультетин ачуу менен медициналык билим берүүдө жаңы багытты баштады.

Түркиянын Саламаттык сактоо илимдери университети менен биргеликте ишке ашырылып жаткан билим берүү программасынын алгачкы студенттери салтанаттуу аземде ак халат кийди. Алгачкы ак халатын кийген жаштар эми чоң жоопкерчиликти талап кылган узак билим алуу жолуна кадам таштайт.“Манас” университетинде өткөн салтанатка Түркия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилери, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү, окумуштуулар, окутуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышты.

Медицина факультетинин студенттери ак халат кийгенден кийин дарыгерлик кесиптин этикалык баалуулуктарын сактоого жана адам өмүрүн урматтоого берилгендигин билдирген ант берди. Кыргызстан менен Түркиянын көп жылдык билим берүү кызматташтыгы “Манас” университетинин Медицина факультетинин ачылышы менен саламаттык сактоо тармагында да жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Жаңы факультет кыргызстандык жаштарга эл аралык деңгээлдеги билим алып, клиникалык тажрыйба топтоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Биргелешкен бакалавриат программасына ылайык, студенттер медициналык билим алуусунун акыркы үч жылын Түркияда, Саламаттык сактоо илимдери университетинин ооруканалар тармагында улантат. Ошондой эле алар медицинанын ар кандай багыттары боюнча практикалык билим алып, программада каралган үч дипломго ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө да жетишет.

 

7