Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө 74 шайлоо участогу түзүлөөрү маалым болду.
БШКнын маалыматына караганда, анын 20сы Россияда, Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.
Мындан тышкары, Корея Республикасы менен Италияда үчтөн, Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден шайлоо участогу уюштурулду.
Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, жалпысынан шайлоо участоктору 33 мамлекетте түзүлөт. Добуш берүү күнүнө чейин алардын санын көбөйтүү пландалууда.



