Токтогул шаарынын Кайрак участогунда мамлекеттик тууну жана шаардын аталышын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, мэр Рамис Өмүрканов шаардык кеңештин өкүлдөрү менен бирге курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү.
Алар долбоордун аткарылышын, иштин сапатын жана кийинки этаптарын талкуулашты.



