Бишкекте 19-ноябрда №2 каттамдагы электробус токтоп турган жеринен өз алдынча жүрүп кетип, жол боюндагы эки унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болгон.
Мэриянын маалыматына караганда, окуя саат 16:05 чамасында Кең-Суу көчөсүндөгү “Фрунзе” заводунун жанында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу электробусту токтоткондон кийин кол тормозуна койгон эмес. Электробус Интергельпо көчөсүн кесип өтүп, токтоп турган Toyota Prius жана Mazda үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



