“Манас” эл аралык аэропортунан Qanot Sharq авиакомпаниясынын Бишкек – Пхукет багыты боюнча алгачкы каттамы аткарылды.
Чартердик каттамдар жумасына эки жолу шейшемби жана жума күндөрү Airbus A321, A330 жана A320neo учактары менен жүргүзүлөт.
Жаңы багыт кыргызстандыктарга Таиланддын популярдуу курортторунун бири болгон Пхукетке түз учууга мүмкүнчүлүк түзөт.





