Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы сел коркунучу бар аймактарды жана авариялык көпүрөнү көрүп чыкты.
Кара-Суу районунун Торгой-Булак айылында сел тосмосун куруу сунушталган жер тилкеси жана Машрапсай суусунун сол жээгиндеги 350 метрлик кооптуу тилке текшерилди.
Ал эми Өзгөн районунда Бахмал жана Бахмал-1 айылдарын бириктирген авариялык абалдагы жөө жүргүнчүлөр көпүрөсүн капиталдык оңдоо маселеси көтөрүлдү. Буга чейин көпүрөнүн абалы боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берилген.



