Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айылында электрондук кезек системасы менен жабдылган заманбап “Кен-Сай” бажы-логистикалык терминалы ачылды.
Долбоор “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ААКтын түштүк филиалынын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылды.
Жалпы аянты 8 гектарды түзгөн терминал бир эле учурда 420 жүк ташуучу унааны жайгаштырууга ылайыкталган: анын 220сы импорттук, 200ү экспорттук багыттагы унаалар үчүн каралган.
Комплекстин аймагында унааларды таразалоочу аянтча, жүктөрдү кайра жүктөө зонасы, бажы контролун жүргүзүүчү жайлар жана бажы брокерлери үчүн бөлмөлөр каралган.
“Кен-Сай” электрондук кезек системасы жүк ташуучу унаалардын кыймылын тартипке келтирүүгө, өткөрүү пунктуна баруучу жолдордо унаалардын тыгынын азайтууга жана ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Терминалдын ачылышы эл аралык жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Булак: КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы



