Ош облустук прокуратурасынын текшерүүсүндө соттук-медициналык экспертиза борборунун жооптуу кызматкерлери 2025–2026-жылдары 6 млн 43 миң 812 сомду мыйзамсыз ыйгарып алганы аныкталды.
Башкы прократуранын маалыматка ылайык, каражаттар кызмат көрсөтүлгөн деген негизде жеке адамдардын банктык эсептерине которулуп, кийин кызматкерлердин жеке эсептерине түшүп турган. Ошондой эле мыйзамсыз компенсациялык төлөмдөр чегерилген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.



