Бишкектеги Куруучулар шаарчасында айрым үйлөрдүн жылуулук менен камсыздалышына тургундардын жылытуу системасына өз алдынча өзгөртүү киргизгени себеп болгон.
Бул тууралуу “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адистердин текшерүүсүндө түтүктөрдүн ичкертилиши, диаметри кичирээк түтүктөргө алмаштырылышы жана кошумча туташтыруулар аныкталган. Мындай өзгөртүүлөр жылуулуктун имарат боюнча бирдей бөлүштүрүлүшүнө тоскоолдук жаратып, айрым бөлмөлөргө жылуулуктун жетишсиз болушуна алып келет.
Ишкана тургундарды жылытуу системасына өз алдынча өзгөртүү киргизбөөгө чакырып, аныкталган кемчиликтерди долбоордук документтерге ылайык жоюу зарылдыгын белгиледи.



